Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Ош облусуНоокат району 19.12.2014 13:35

Айыл турмушу: Ноокат районунда Токтогул санаториялык мектептин мугалими 23 жылдан бери кагаз жана жыгачтардан макеттерди жасайт (фото)

Turmush -  Ноокат районундагы Токтогул санаториялык мектеп интернатынын көркөм өнөр жана технология сабагынын мугалими Сейитбек Чоңмурунов 23 жылдан бери ар кандай кагаздан, жыгачтан жана компьютердин жардамы менен түрдүү жасалмаларды өнүктүрүп келет.

Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдагандай, С.Чоңмурунов өзү билим берип келе жаткан санаториялык мектеп интернатынын макетин кагаздын, пластик жана таштардын жардамы менен жасап көргөзмөгө коюп койгон.

Ошондой эле, бул мугалимдин устаканасында жыгачтан жасалган оймо чиймелери дагы өзүнчө бурчка айланган. Анын уулу Өмүрбек дагы ата кесибин жолдоону максат кылат.

23

25

26

27

28

29

30

31

32

24

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×