Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Нарын облусуАк-Талаа району 19.12.2014 09:30

Айыл турмушу: Ак-Талаа районундагы стоматологиялык дарыгер Ш.Инакбеков 45 жылдан бери үзүрлүү иштеп келет (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы стоматологиялык ооруканада тиш дарыгери Инакбеков Шералы Сейдибакасович 45 жылдан бери үзүрлүү иштеп келет. Бул туурасында Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Ш.С.Инакбеков 1951-жылы Ак-Талаа районунда туулган. 1971-жылы Бишкек Эмгек Кызыл Туу ордендүү медициналык окуу жайынан билим алган. Ошондон бери аталган стоматология бөлүмүндө 45 жылдан бери тиш дарыгерлик кызматын аркалап келсе, анын 37 жылында жетекчи болгон. Учурда да эл үчүн ак кызмат кылып келет.

СССРдин жана Кыргыз Республикасынын «Ардактуу донору», Улуу орус окумуштуусу И.Пироговдун дипломунун жана төш белгисинин ээси, КРнын Саламаттык сактоо министрлигинин мыкты кызматкери жана көптөгөн грамоталардын, дипломдордун ээси болгон. Аны менен бирге эле жаш тиш дарыгерлердин устаты, эл оозуна алынган тиш дарыгери.

Үй-бүлөлүү, 4 уулдун, 3 кыздын атасы жана 21 неберенин чоң атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×