Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Баткен облусу 17.12.2014 16:28

Фото - Айыл турмушу: Баткенде бардык айылдарды айыл-чарба шаймандары менен камсыз кылган Майин Дехканов аттуу жалгыз тажик уста бар

Turmush -  Баткендеги айылдарды айыл чарба шаймандары менен камсыз кылган Майин Дехканов аттуу жалгыз тажик уста бар. Бул темир устанын колго жасаган буюмдары сапаттуу болгондуктан алыскы айылдардан атайын кетмен, күрөк жасатуу үчүн кайрылышат.

Атасынан мураска калган бул өнөрдү 25 жылдан бери кастарлап келген уста 5ке чыккан уулунун да келечекте темир уста боолорун болжоп койгон.

«Менин жасаган буюмдарым Өзбекстандан же Кытайдан чыккан товарларга салыштырмалуу сапаттуу болот. Айылдаштарым өздөрүнө керектүү шаймандарды жасатуу үчүн дайыма кайрылып турушат», - дейт М.Дехканов.

Айылдын кетмен-күрөгүнөн тарта от жакчу мештерине чейин даярдап берген темир уста жардамга муктаж болгон үй-бүлөлөргө айрым учурда акысыз кызмат көрсөтөт.

Күнүнө 200гө жакын кетмен же 10дон ашык балта жасаган Майин өз буюмдарына керектүү темирлерди Тажикстандан сатып алып, жасаган буюмдарын Баткендеги дүкөндөргө тапшырат.

Майин устанын жасаган айыл чарба шаймандары сапаттуу жана арзан. Ошондуктан көпчүлүк дүкөндөрдөн Майиндин жасап келген айыл чарба буюмдарын сурашат.

Темир устанын айтымында, анын чоң аталары мындан бир нече жыл мурун Баткенге көчүп келип, ушул кесип менен күн кечиришкен. Ошондон бери алардын тукумунда устачылык атадан балага өткөрүлөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×