Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 17.12.2014 12:00

Айыл турмушу: Кара-Көл шаарында 100 жаштан өткөн эки адам бар (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарында шаардык статистикалык комитетинде 100 жаштан өткөн эки узак жашаган адам каттоодо турат. Алар Орозгүл Субанова жана Анаш Калмамбетова, деп билдирет Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы.

Учурда Орозгүл Субанова Кара-Көл шаарында эмес, аны балдары кышкы убакытта Бишкеке алып кетишкен, «бирок жаз чыкканда ал кайра Кара-Көлгө келет», - деп билдиришет анын балдары.

Ал эми шаардын эң улгайган адамы 104 жаштагы Анаш Калмамбетова учурда Ал кызы Гүлсүн Толубаеванын үйүндө жашайт. Анаш Калмамбетованын 5 баласы бар болчу, бирок 4 баласынан айрылып, бир кызы эле калган. Анын 14 небереси бар.

«Мен Таш-Көмүрдүн Кайра айылында 1910-жылы туулгам. Кичинекей чагымда жетии калгам. Мени атамдын эжелери багып, тарбия беришкен. Анда кыйын убак эле, согуштун да күндөрүн көрдүк. Экинчи дүйнөлүк согуш башталганда баардык эркектерди согушка алып кетишип, жалаң аялдар жана балдар калганбыз. Кыйын учур болгон», - дейт ал.

«Мындан тышкары, мен көптөгөн эмгектерди ошол убактагы колхоз, совхоздорго жумшадым. Жүзүмдөрдү чогултуп, талааларда иштедик. Ошол убакта документ толутуп коюуну ойлонбоптурмун, ошондуктан иш тажрыйбам жоктой сыяктуу. Учурда 1000 сомдон бир аз көбүрөөк пенсия алам. Бирок, өмүр бою эмгектенгем, активдүү жана дени сак болчумун», - деп эскерет ал.

Бирок, өзүнүн курагына карабай Анаш Калмамбетованын эс тутуму жакшы, батирдин ичинде өзү эле жүгүрүп жүрөт.

«Азыркы жаштарга ден-соолук, узун өмүр каалап, силерде бар байлыкты баалай билгиле деп айтат элем. Салыштырмалуу азыркы муун алда канча жакшы жашайт, менин убагымда балачак жана жаштык кез абдан оор убакта өткөн. Ошондуктан, эмгек кылып, жашоону баалай билгиле», - деди Кара-Көл шаарындагы узак жашаган адамдардын бири Анаш Калмамбетова.

18

17

16

19

15

21

20

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×