Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Баткен облусу 16.12.2014 13:01

Фоторепортаж - Баткендеги «Дөөт Пирим» деп аталган жер денедеги бүдүрлөргө жана талма оорусуна дабаа

Turmush -  Баткен шаарынын БАМ участкасына караштуу аймакта дартка дабаа «Дөөт Пирим» деп аталган жер бар.

Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, ал жерге ар кандай оорулардан айыгуу максатында келишет.

Маалым болгондой, денесине ар кандай бүдүрлөр чыккан жана талмасы бар адамдар ал жерге барып, куран окуп, кан чыгарышат.

Ошондой эле, ал аймакта «Акмазар Буа» деген булак бар. Таштын астынан чыккан булак ар кандай оорууларга даба болуп, бүдүрлөрдү жууса кетет

«Бул жерге көптөгөн адамдар келип, сыйынышат. Ал эми, таштарды жакшылап карап көрсөн ар турдуу жанныбарларга окшош. Мисалы «Дөөт Пиримдеги» таш кобра жыландын башын элестетет. Анын артында атайын таш бар. Ага оорулуу адамдар, денесинде ак тактары барлар ошол ташка жатып сыйынышат», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×