Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Ош облусу, Ош 15.12.2014 18:01

Кореялык Канг Ен Хо 16 жылдан бери кыргыз-корей каадасынын окшоштуктарын изилдейт (фото)

Turmush -  Чет өлкөдөн келгендер, кыргыз элинин маданиятына кызыгып, атүгүл өз элинин салт-санаалары менен окшоштургандар да жок эмес.

Алардын бири Канг Ен Хо да алыскы Кореянын атуулу. Канг мындан 16 жыл мурда кыргыз жергесине келип жашап калган. Эки өлкөнүн маданиятына маани берип, каада-салтын изилдөөгө аракеттенип келет. Бирок кыргыз элинин маданиятына, өзгөчө элдин меймандостугун изилдеп келе жатканын мынтип түшүндүрөт:

«Бул мезгилге чейин кыргыз элинин маданиятына изилдөө иштерин жүргүзүп келем. Менин негизги максатым - эки элдин маданиятын, ортодогу айырмачылыктарды ачыктоо. Дүйнө элдеринин окшоштуктары көп эле байкалат. Балким Корей эли менен Кыргыз элинин ортосундагы үрп адаттар жакын болушу мүмкүн. Билбей туруп кандай айырма бар экенин айтуу кыйын. Эки элдин маданиятын терең изилдөө зарыл. Мага эң жаккан жери кыргыздардын кенен пейилдиги таң калтырды. Мисалга алсак той өткөрсө баарын кенен жайып өткөрөт экен. Кореяда 60-жылдары ушундай салттар бар эле. Бирок кийин жок болуп кетти. Эки элдин ортосундагы салттар жакын экенин ушул жерден байкап жүрөм. Кыргыз эли салтты сактап калыптыр», - деди Канг.

Көпчүлүк адамдар чет өлкөгө мигрант болуп иштегени барып ал жерде калып калууну көздөгөн учурлары да бар. Ал тургай барган өлкөсүнүн жараны болуп калышат.

Канг Ен Хо Кыргыз жергесин өзүнүн балачакта чоңойгон жерине куюп койгондой окшош экендигин тастыктады:

«Өзүм жаш чагымда кареяда чоңойдум. Кийин окуп жер жерлерди кыдырып жүрдүм. 1991-жылы Орто Азияга келип калдым. Анан мени кыргыз жергесине келип кет деген сунуш түштү. Кыргызстанга келүүгө макул болуп кийинчерээк келдим. Келгенде эле абасы таза экенин байкадым. Менин таң калган жерим туулуп өскөн жериме окшош экен. Келген күндөн тартып эле кетким келбей калды. Анан ушул жерге жашаймдеп кала бердим. Кийин үй-бүлөмү да алып келип алдым. Менин балачагым ушундай кооз жерде өткөн балдарым да кооз жерде чоңойсун деген ой тилек менен Ош шаарына келип жашап калдым», - деп билдирди Ен Хо.

Бирок Кыргыздын салттарын изилдеп жүрүп, Канг бир адатка өздгөчө таң калганын жашырган жок.

корей

«Ар бир элдин салты ар башка болот экен. Мени кыргыздардын таң калтырган адаты кыз ала качуу болду. Көчмөндөр кыз берип кыз алууда салттарды мыкты кармап келишкен. Бирок бир эле учурда көптөгөн улуттар салттарын унутуп калышканы маалым. Мындай көрүнүш элдердин текеберлигинен улуу мурастарды сактай албай калган десек болот. Кореяда көптөгөн салттар болгон. Бирок кийин салттарды эл карманбай акыр түбү жок болду. Бул көрүнүш жакшы эмес. Айта кетсем, Кыргыз жергесинде улууну сыйлоо, кичинени ызаттоо биринчи орунда турат экен. Башка өлкөдөн мындай сый урматты аз кана жолуктурасың», - деген оюн айтат Ен Хо.

Дегеле дүйнөнүн булуң бурчунда жашаган элдердин өз өзүнчө салттары бар. Мисалга алсак Кыргыз, Казак элдеринин салты бири бирине жакын келет. Канг Ен Хода бул жакынчылыкты байкаган. Бир эле учурда Кыргыз Корей элдеринин окшош жактарында изилдеп чыккан.

«Жогоруда айтып кеткендей эле салттар бири бирине жакын. Түрк тилдүү элдердин сөздөрү, тутунган дини да окшош. Мындай окшоштукту Казак, Кыргыз, Өзбек элдеринен эле эмес чыгыш өлкөлөрүнөн кездештирүүгө болот. Атап айтсак Корей Кыргыз элдеринин конок күтүүдө көп эле өкшоштуктарын тактап калдым. Бул изилдөө менен чектелип калбастан дагы изилдесе мынданда жакындык жактары табылышы мүмкүн. Мен мындан кийиндагы эки элдин маданиятын тактап изилдөөгө аракет кылам», - деди Канг.

Канг Ен Хо Корей жеринин атуулу. Кыргыздын улуттук тамактарын сүйүп жейт. Ош мамлекеттик универстетинде Корей тили боюнча сабак берет. 3 кыз, бир уулдун атасы. Балдары кыргыз тилинде сүйлөй алышат. Азыр 50 жашта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×