Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 11.12.2014 12:31

Айыл турмушу: Кара-Көлдөгү сүрөтчү Вадим жыгач чегүү менен катар скульптура жасап, үйүнө тапшырык алат - фоторепортаж

Turmush -  Кара-Көл шаарында Вадим аттуу талантуу сүрөтчү жашайт.

Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, сүрөтчү жыгачты да чегип, кооздойт.

Вадим 1974-жылы Ош шаарында төрөлгөн. Чоң үй-бүлөдөн болуп, апасы 6 баланы жалгыз баккандыктан интернатта тарбияланган.

Вадимдин айтымында, анын сүрөтчүлүк талантын ачууга интернаттагы эмгек сабагынан берген мугалими Анатолий Сергеевич көмөк болгон.

«Ал кездерде чыгармачылык жарманкелери өткөрүлүп турчу. Мен биринчи эмгегимди акварель боегу менен кичине тактага тарткам, бирок ал жарманкеге жетпестен мугалимдердин биринин бөлмөсүндө калып калган», - деп эскерет сүрөтчү.

«Мен гуашт жана майлуу боектор менен да иштейм. Сүрөткө түшүргөндөрүмдү жыгачка да чегип түшүрө алам. Мен бул нерсеге үйрөнгөн эмесмин, бул — мага кудайдын берген таланты», - дейт Вадим.

«Алгач ирет 1999-жылы биринчи картинамды чегип жасаганда чеберлер ал менин алгачкы эмгегим экенине ишенишкен эмес. Мүмкүн менин мүнөзүмдө тоскоолдуктарды жеңүү сапаты болгон үчүндүр ошондон тарта мен бул ишке кириштим. Мен эч качан жок дебейм, мен дайыма аракет кылам деп айтам», - деп билдирет сүрөтчү.

Анын айтымында, ал көп жыл Орусияда жашап келген. Мекенине кайтып келгенден бери 2 жыл бою тапшырык алуу менен үйүндө иштеп келет. Учурда тепкич жана тапчандар боюнча бир нече эскиздердин үстүндө иштеп жаткан Вадим сүрөт тартып, жыгач чегүү менен катар скульптура жасаганга да кызыгат.

«Керебеттерди кесүү үчүн 2 айга жакын убакыт талап кылынат. Азыр аларды атайын машина менен кессе деле болот, бирок кол эмгекти баалаган адамдарбар. Чебер жасап жаткан ишине бүтүндөй жан дүйнөсүн арнап жасайт», - дейт Вадим.

Үй-бүлөм менин ишенимдүү жөлөгүм деген чебер 5 айлык уулунун да ата жолун жолдоруна үмүттөнөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×