Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Ош облусуНоокат району 08.12.2014 11:58

Ноокат районунун Гулистан айылында турак үйдөн өрт чыгып, 1 тонна чөп, 2 куб отун күйдү

Turmush -  Ноокат районунун Гулистан айылындагы Достон тилкесинде ээси Н. Базарбаевга тийиштүү турак үйдөн өрт чыкты, деп билдирет ӨКМ басма сөз кызматы 8-декабрда.

Маалыматка ылайык, өрттүн кесепетинен шифер жабылган турак үйдүн 100 чарчы метр чатыры, 1 тонна чөп, 2 куб отун күйгөн.

Өрттүн келип чыгышына жылытуучу мештер менен морлордун туура эмес түзүлүшү себеп болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×