Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Чүй облусуЫсык-Ата району 08.12.2014 11:45

Ысык-Ата районунда «Мерседес Спринтер» жана «Тойота-Калдина» унаалары сүзүшүп, 4 адам жабыркап, 3 адам каза болду

Turmush -  Чүй облусунун Ысык-Ата районунда кечээ, 7-декабрда саат 08:47де Токмок-Бишкек унаа жолунун 37-чакырымында «Мерседес Спринтер» үлгүсүндөгү (мам.ном I7958S) жана «Тойота-Калдина» үлгүсүндөгү (мам.ном S6982AE) унаалар сүзүшүп, анын кесепетинен 4 адам жабыркап, 3 адам каза болгон. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы 8-декабрда билдирди.

Маалыматка ылайык, Токмок шаардык КРнын ӨКМнин №21 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары жабыркагандарга алгачкы медициналык жардам көрсөтүшүп, тез жардам унаасына салып беришкен.

Каза болгон адамдардын денесин Кант шаардык оорукананын өлүкканасына жеткиришкен.

Куткаруучулар автоунааларга кыпчылып калган адамдарды алып чыгышып, тез жардам унаасына салып беришкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×