Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Чүй облусуЖайыл району 08.12.2014 11:36

Жайыл районунда унаа жолго кар көчкү түштү

Turmush -  Жайыл районунда кечээ, 7-декабрда саат 15:00 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 198-чакырымында болжол менен көлөмү 1000м3 кар көчкү унаа жолго түшүп, унаа жолу убактылуу жабылган. Бул тууралуу ӨКАМ басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кар көчкүнү тазалоого ЖЭМ-9дан 1 даана жүктөгүч жана 1 грейдер тартылып, унаа жол каттамы саат 21:30да толугу менен тазаланып, ачылган.

Ушул жылдын 7-декабры күнүсаат 15:00 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 133-чакырымында болжол менен көлөмү 1000м3 кар көчкү унаа жолго түшүп, унаа жолу убактылуу жабылган.

Кар көчкүнү тазалоого ЖЭМ-9 тарабынан 1 жүктөгүч тартылып, унаа жол каттамы саат 21:30да толугу менен тазаланып, ачылган

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×