Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Чүй облусуЖайыл району 08.12.2014 10:41

Жайыл районунун Петропавловка айылында «Мерседес – 308D» жүк ташуучу унаа күйүп кетти

Turmush -  Жайыл районунун Петропавловка айылында ушул жылдын 28-ноябрында Луговая көчөсүндө жайгашкан турак үйлөрдүн короосунда жүк ташуучу унаадан өрт чыкты, ал учурда авто унаа кароочу чуңкурда болчу. Бул тууралуу жайыл районунун өрткө каршы кызматынын ага инспектору Айбек Сейпбаев билдирди.

Маалыматка ылайык, өрт учурунда унаанын ээси үйүндө жок болчу, коңшулары ага чалышып, өз алдынча өрттү өчүрүүгө аракет кылышкан. Өрт жакын жайгашкан курулуштарга өтүп кетпеши үчүн күйүп жаткан унааны көчөгө чыгарышкан.

«Өрт өчүрүүчү кызматкерлер келгенде автоунаа көчөдө турган жана өрттөнүп жаткан. Аны жарым сааттай өчүрүштү. Жүк ташуучу унаа толугу менен күйүп кетти. Өрттүн келип чыгышынын расмий версиясы автотехниканын пайдаланууда эреженин бузулушу болгон», - деп билдирди А.Сейпбаев.

Иликтөөнүн жүрүшүндө белгилүү болгондой, «Мерседеса – 308D» унаасынын ээси, жергиликтүү тургун өрт чыкканга чейин бир нече күн мурун каза болгон, Россиядан анын уулу келип, унаа менен иштөөнү пландап жаткан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×