Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 08.12.2014 09:47

Аксы районунда мал уурулук күч алды, - район тургуну

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Аксы районунун тургуну Шермамат Акматовдун короосунан 24-ноябрь күнү 1 уй, 1 торпогун уурдап кетишкен.

Шермамат Акматовдун айтымында, уурулар короодон 3 уй, 3 топокту алып чыгышып, төртөөсүн качырып жиберишип, 2 малды уурдап кетишкен.

«Аксы районунун айылдарында мал уурулук күч алган. Мал уурулук боюнча көп кылмыштын бети ачылбай келет. Бул боюнча Аксы РИИБнин жетекчисине да арызданып, нааразычылыгыбызды билдиргенбиз. Мына жакында менин короомдон эки малды уурдап кетишти. А жыйынтык чыкпай жатат», - дейт Ш.Акматов. 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×