Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Баткен облусуКадамжай району 06.12.2014 12:30

Кадамжай районунун Кайтмаш айылында морлордун туура эмес түзүлүшүнөн турак үйдөн өрт чыкты

Turmush -  Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүндө Кайтмаш айылында ээси К. Айтказиев көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыкты, деп билдирет ӨКМ басма сөз кызматы 6-декабрда.

Маалыматка ылайык, өрттүн кесепетинен 12 чарчы метр шыбы, 2 жаздык, палас күйгөн.

Өрттүн келип чыгышына морлордун туура эмес түзүлүшү себеп болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×