Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ош облусуНоокат району 06.12.2014 11:31

Ноокат районунун Жал-Көл участогунда сарайдан өрт чыгып, 2 тонна жүгөрү, 2 тонна көмүр күйдү

Turmush -  Ноокат районунун Жал-Көл участогунда ээси Б.Садиевге тийиштүү сурайдан өрт чыкты, деп билдирет ӨКМ басма сөз кызматы 6-декабрда.

Маалыматка ылайык, өрттүн кесепетинен 160 чарчы метр жыгач устундуу шифер жабылган сарайдын чатыры, 300 түк чөп, 150 түк саман, 300 боо жүгөрү бакалы, 2 тонна жүгөрү, 2 тонна көмүр күйгөн.

Учурда себеби такталууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×