Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Чүй облусуКемин району 06.12.2014 11:06

Кемин райондук аймактык оорукананын лабороториясынан өрт чыкты

Turmush -  Кемин районунун Кемин шаарында Абдыбачаев көчөсү-10 дарегинде жайгашкан Кемин райондук аймактык оорукананын лабороториясынан өрт чыкты, деп билдирет ӨКМ басма сөз кызматы 6-декабрда.

Маалыматка ылайык, өрттүн кесепетинен 35 чарчы метр жыгач устундуу шифер жабылган лабороториянын чатыры, УЗИ кабинети 2 аппараты менен, жумшак эмерек, судмедэксперттин кабинети толугу менен, 35 чарчы метр жыгач пол күйгөн.

Оорукананын лабороториясынын башкы дарыгер Назарбек уулу Алмаз болгон.

Өрттүн болжолдуу себеби, электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×