Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Нарын облусу 05.12.2014 18:40

Айыл турмушу: Нарын облусунун Арпа өрөөнүнүн тургуну Э.Шакенов мал чарбасында 300 кой багып, жүнүн сатат (маек)

Turmush -  Нарын облусунун Арпа өрөөнүнүн Чой-Жап деген жеринин тургуну Эркинбек Шакенов, мал чарбачылыгы менен алектенип, «Арпа Марко-Поло» деген аңчылык фирмада егерь болуп да кызмат кылып келет.  Turmush басылмасынын аймаксы Эркинбек Шакенов менен маек курду.

- Негизи кийинки жылдарда ошол атактуу Ак-Сай, Арпа өрөөндөрүндө кайберендер өтө эле азайып кетти деген маалыматтар бар. Чындыгын айтсаңар?

- Чындыгында илгеркидей кийиктер жок. Бирок, быйыл мурунку жылдарга караганда көп эле келишти. Эми бул тоо жаныбарлардын туруктуу жашаган үйлөрү жок да. Негизи алар ооп турушат. Менимче, быйыл көп ооп келгендери кардын жааганына жараша болду окшойт.

- Кар кандай жаады?

- Болжолу биз турган жерлерде 40 сантиметр бар.

- Канча малчы аймакташ турасыңар?

- Мындай эң жакынкыларын айтсам 11 малчы аймакташ турабыз. Мурунку жылдарда жети-сегизибиз туруктуу кыштап келгенбиз. Кийин бирин экиндеп кыштагандар көбөйүүдө.

-Быйыл сиздер тарапта дагы мал оорулары катталды. Азыркы малдын акылы кандай?

- Быйыл мал арык болуп калды. Негизи ача туяктуулар баарысы эле ооруду. Анализи эмне деп чыккандыгын деле билген жокпуз. Кара өпкө, күл, шарп деп эле айтылып, мындай дары керек экен дегенинен колго тийген дарылар менен дарылап жаттык. Бир дагы малга дарыны мамлекеттен деп бекер алган жокпус. Азыр башка короолорду билбеймин, менин малымда оорулар жок.

- Мындайча айтканда жакада жем, чөп тартыш болууда. А сиздер төрт түлүктү жайып эле чыгасыңар да?

- Быйылкыдай кар түшкөн жылдарда толук жайып чыгуу опурталдуу. Ошон үчүн бир миң боо чөп, эки тонна арпа камдагам.

- Азыркы учурда кудайга шүгүр мал саны көбөйдү. Бирок сапаты начарлоодо. Айтсаңыз деги эле мал менен тиричилик кылуу жагдайы кандай?

-Мал менен эле жашап жатпайбызбы. Бирок, жыл өткөн сайын кыйынчылыгы билинүүдө. Мисалы быйыл мал арзан. Азык-түлүктөр, кийимдер болсо кымбаттоодо. Токтулар 3 миңден ашпай калды. Торпоктор 15, тайлар деле 17-18 миң сомго түштү. Жылдагыга караганда мал баасы аябай эле түшүп кетти. Жүндүн баасы деле көтөрүлгөн жок.

-Эми кыргыз койдун жүнү баа эмес да?
- Мен Тянь-Шань жарым уяң жүндүү баякы ак койлорду сактап калгам.

- Ошондо жүндү сата алдыңызбы. Сатсаңыз килограммы канчадан болду? Жашыруун болбосо канча баш койуңар бар?

- 300 кой бар. Бир килограмм жүндү 60 сомдон алып кетишти. Бир койду 25 сомдон кырктырам. Орточо бир койдон 3,5 килограмм жүн алынды. Бизде тукум жаңыртуу кыйынчылыгы бар. Жок дегенде мамлекет асыл тукум кочкорлорду камсыздап берсе болот эле. Арга жоктугунан жалаң ак кой баккан малчылар бири-бирибизге кочкорлорду алмашып турабыз. Бирок, австралиядагыдай асыл тукумдуу, жүн багытындагы кочкорлор болсо биз жүн өндүрөт элек.

- Дагы кандай көйгөйлөр бар?
- Эмне көйгөйдү айтмак элек. Айтканда деле эмне. Эгер андай эле мамлекет жардам бере ала турган болсо быйылкыдай кар калың жааган жылдары жок дегенде бир курдай бизге чейин келе турган жолду сүрүп берсе ырас эле болмок. Торугартка чейинки чоң жолдор кырылып жатат, а бизди ким ойломок эле.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×