Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Баткен облусуЛейлек району 05.12.2014 17:40

Айыл турмушу: Лейлек районунун тургуну В.Камалов 12 жылдан бери бут кийим тигүүчү болуп иштейт (фото)

Turmush -  Баткен областынын Лейлек районунун тургуну Вайдулла Камалов 12 жылдан бери борбордогу Ош базарында бут кийим тигүүчү болуп иштеп келет, деп билдирет Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы.

Маалыматка ылайык, ал алгач жумушун курулуш иштеринен баштап, күнүнө 150-200 сомдон акча таап турган.

Андан кийин досторунун айтуусу менен шаардагы базарга бут кийим тигүүчү болуп 2002-жылы келген.

Анын айтуусунда, Бишкек шаарындагы Ош базарында 50гө жакын бут кийим тигүүчүлөр бар. Ал бут кииймдерди 100 сомдон 200 сомго чейин тигет. Ал күнүнө бул жерден 1000 сомго чейин киреше табат.
Ал ушул кесипти аркалап жүрүп, үй-бүлөнү толук камсыздоого жетишкенин айтат.

44

43

42

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×