Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Талас облусу 05.12.2014 17:30

Таласта кыйноо жана адамкерчиликти басмырлоо боюнча 12 факты катталган

Turmush -  Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча Улуттук борбордун Талас облусунда өкүлчүлүгүнө11 айда жарандар тарабынан кыйноо жана адамкерчиликти басмырлаган 12 факты боюнча маалымат келип түшкөн.

Аталган борбордун Регионалдык өкүлү, башкы эксперт Нурлан Абдраимовдун маалыматына ылайык, бул фактылар боюнча убагында изилдөөлөр жүргүзүлүп, тийиштүү чаралар колдонулган.

Мындан сырткары, өткөн 11 ай аралыгында кыйноолордун жана адамкерчиликсиз мамилелердин алдын алуу үчүн Талас ОИИБнын жана райондор бөлүмүндөгү 11 ирээт, убактылуу кармоочу жайына 11 ирээт, психо-наркологиялык диспансерге 1, Бакай-Ата районундагы карылар үйүнө 3, Талас районунун Көк-Ой айылында жайгашкан 2029 аскер бөлүгүнө 9 жана Кум-Арык айылында жайгашкан көмөкчү мектеп интернатына 1, Өзгөрүш айлындагы жана Маймак станциясындагы жатак абалындагы абакка 2 ирээт профилактикалык иштер жүргүзүлүп, жалпы 44 ирээт жоолугушуу болуп, маалыматтар берилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×