Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 05.12.2014 16:39

Кара-Балта шаарында курулуп жаткан дүкөн өрттөндү, келтирилген чыгым 490 миң сомду түздү (фото)

Turmush -  Ушул жылдын 27-ноябрында эртең мененки саат 05:15те Кара-Балта шаарынын Фрунзе жана Пушкин көчөлөрүнүн кесилишинде дүкөн күйүп жаткандыгына жергиликтүү такси айдоочу күбө болуп, бул боюнча өрткө каршы кызматына билдирген.

Белгилүү болгондой, анын ичинен 140 метр квадрат аянтындагы соода объекти күйгөн.

Павильондун ээси ремонттун жаңыдан эле бүтүрүп, жакынкы аралыкта ал жакта азык-түлүк сатуучу дүкөн ачууну пландап жаткан.

«Жалпы келтирилген чыгымдын суммасы 490 миң сомду түздү. Павильонго электр зымдары киргизиле элек болчу. Ошондуктан, өрттүн келип чыгышынын негизги версиясы кимдир-бирөө тарабынан атайын өрттөө болуп эсептелинет», - деп билдирди Жайыл районунун Өрткө каршы кызматынын ага инспектору Айбек Сейпбаев.

Укук коргоо органдарынын кымзаткерлери аталган факт боюнча кылмыш ишин козгошту. Иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

35

34

32

31

30

 

33

 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×