Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 05.12.2014 15:05

Түптүн Талды-Суу айылынын мергенчиси мыйзамсыз 8 кыргоол, бир коен атып алган жеринен кармалды

Turmush -  Түп районунун Талды-Суу айылынын мергенчиси мыйзамсыз 8 кыргоол, бир коен атып алган жеринен кармалды. Бул тууралуу Түп райондук аӊчылык департаментинен маалымдашты, деп билдирет аймактык кабарчы.

Түп районунда браконьерчиликке каршы күрөшүү боюнча 3 айлыктын алкагында рейд өткөрүлдү. Анын жүрүшүндө Түп районунун Талды-Суу айылынын мергенчиси Алик аттуу жаран мыйзамсыз 8 кыргоол, бир коен атып алган жеринен кармалган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө мергенчинин мылтыгы да мыйзамдуу каттоодон өткөрүлбөгөнү белгилүү болду. Бул окуя боюнча рейдик комиссия тарабынан акт түзүлүп, чара колдонууга тиешелүү органарга жөнөтүлдү.

Мыйзамсыз Кызыл китепке жазылган канаттууларды атып алганы үчүн браконьерлердин ар бири 1500 сомдон, коен үчүн 1000 сом айып төлөйт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×