Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусу 05.12.2014 14:49

Жалал-Абад областтык прокуратурасы тарабынан тергөөнүн жыйынтыгы жана соттун өкүмү менен 480 адам камалган

Turmush -  Жалал-Абад областтык прокуратурасынын алдындагы Адам укугу боюнча коомдук кеңеш быйылкы жылдын 11 айында 4 олтурум өткөрдү, деп билдирди областтын прокурору Кылычбек Токтогулов бүгүн, 5-декабрда Жалал-Абадда акыйкатчы Бакыт Аманбаев менен жолугушууда.

Анын айтымында, ИВСтерде виедобайкоону коюу маселеси биринчи болуп Жалал-Абад областында ишке ашырылды. Жалал-Абад шаарында ЕККУ жана Кызыл жарым ай коому тарабынан 60 орундуу тергөөдө убактылуу кармалуучу жай бүткөрүлүп жатат.

2014-жылдын 11 айында область боюнча 606 адам кармалган болсо, анын 28и аялдар, 20сы балдар болгон. Тергөө иштеринин жыйынтыгы жана соттун өкүмү менен 480 адам камалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×