Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Нарын облусу, Нарын 05.12.2014 14:12

Нарын облусунда 11 айда баңги зат боюнча кылмыш 45%га көбөйгөн, - БКМКнын Чыгыш башкармалыгы

Turmush -  Мындай маалымат Нарын ОИИБси тарабынан уюштурулган ведомстволор аралык комплекстүү ыкчам-профилактикалык операциянын жыйынында белгиленди.

Анда Баңги заттарга каршы мамлекеттик кызматынын (БКМК) Чыгыш башкармалыгы тарабынан бул жылдын 11 айына ыкчам-издөө алдын алуу профилактикалык иш-чараларды өткөрүүнүн жүрүшүндө, баңги зат кылмышынын 45 учуру катталган, анын 10у сатуудан болсо, 30 сактап жүргөндөр тарабынан жана 5 баңги заты камтыган өсүмдүктөрдү мыйзамсыз өстүрүү фактысы болгон.

Баңги зат боюнча кылмыш 45%га көбөйсө, сатуу иштери 9%га азайган. Ошондой эле баңги затын сактоодо 76,4 %га көп болсо, мыйзамсыз өстүрүү 66,6 %га көбөйгөн.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×