Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 05.12.2014 13:15

Кара-Көлдө 2014-жылдын 9 айында 38 кызмат адамдары тартиптик жана 17 кызмат адамы административдик жоопкерчиликке тартылган

Turmush -  Кара-Көл шаардык прокуратурасы тарабынан 2014-жылдын 9 айына карата аткаруу бийлиги жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүнүн мыйзамдуулугун көзөмөлдөө жана коррупцияга каршы күрөшүү мыйзамдарынын аткарылышы боюнча жалпы 84 текшерүүлөр жүргүзүлүп, натыйжада мыйзамсыз чыгарылган ченемдик укуктук актыларын ( мэриянын буйруктарын) жокко чыгаруу боюнча 23 каршылык билдирүү келтирилип, баары канааттандырылган.

Кара-Көл шаардык прокуратурасынан билдиришкендей, ченемдик укуктук актыларын бузулушун четтетүү жөнүндө 49 сунуш жана 36 талап келтирилип, 18 административдик өндүрүш иштери козголгон.

Сунуштарды кароонун жыйынтыгы менен 38 кызмат адамдары тартиптик жана 17 кызмат адамы административдик жоопкерчиликке тартылган.

«Эки кылмыш иши козголуп, 1 кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат», - деп билдирет шаардык прокуратура.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×