Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Баткен облусуБаткен району 05.12.2014 11:23

Айыл турмушу: Баткен районунда Тажикстанга чектеш Таш-Тумшук айылында М.Абдрахманов 42 жылдан бери мугалими болуп иштейт (фото)

Turmush -  Баткен районунун Тажикстан менен чектешкен Таш-Тумшук айылында 42 жылдан бери физика, математика мугалими болуп иштеп келген Мамыт Абдрахманов бул аралыкта бир жолу сабактан кечиккен эмес.

Кесиптеш мугалимдеринин айтуусунда, бул инсан тажик кыргыз жаңжалы чыгып, үйлөр өрттөнгөндө да Таш-Тумшук айылын таштап кетпей башкалар кетсе, үй-бүлөсү менен үйүндө түнөгөн.

«Тескерисинче башкаларга тирек болуп, үйлөрүн таштап кетпөөгө чакырган. Азыр да үстү тарабы тажик айылы менен курчалган Таш-Тумшук айылында сабак берген тажрыйбалуу мугалим жаш мугалимдерге насаатчы», - дешет кесиптештери.

М. Абдрахманов жубайы менен 9 баланы өстүрүп, Таш-Тумшуктун бактылуу жана мекенчил жараны.

5

3

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×