Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 05.12.2014 10:44

Ысык-Көл облусунда 60 жаштагы адамды өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды

Turmush -  Ысык-Көл облусунда 60 жаштагы адамды өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу укук коргоо органдарындагы булактар билдиришти. Алардын маалыматына ылайык, 3-декбарда болжол менен саат 22:15тер чамасында Ананьево милиция бөлүмүнүн пунктунун нөөмөт бөлүмүнө билдирүү келип түшкөн, анда Ананьево айылындагы жеке турак үйлөрдүн биринде адамдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу айтылган.

Окуя болгон жерге келген учурда европа улутундагы, болжол менен 60 жаштагы жарандын кыйнап өлтүрүлгөн денеси табылган.

Оперативдүү издөө иштерининин жүрүшүндө өлтүрүлгөн жаран Ысык-Көл районунун Ананьево айылынын жашоочусу Владимир В экендиги аныкталган.

Кийинки изилдөө иштеринин жүрүшүндө аталган кылмышка шектүү катары 35 жаштагы С.Азамат кармалган, ал биринчи суракта кылмыш кылгандыгын толугу менен күнөөсүн мойнуна алган.

Анын айтымында ошол күнү ал В. Вламимирдин үйүнө келген. Спирт ичимдиктерин исип отурганда уруша кетип, С.Азамат бычак менен В.Владимирди сайып салган. Мындан улам ал каза болгон.
Аталган факт боюнча материалдар юридикалык баа берилиши үчүн тергөө бөлүмдөрүнө берилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×