Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Ош облусуКара-Кулжа району 05.12.2014 09:30

Кара-Кулжа районунда ички чарбалык жолдор бир багытка ачылып, кеңейтүү иштери улантылууда, - ӨКМ

Turmush -  Кара-Кулжа районунда ушул жылдын 25-28-ноябрында катуу жааган кардын кесепетинен 70-90см кар түшүп, төмөндөгү айылдарга баруучу ички чарбалык жол каттамдары жабылган. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы 5-декабрда билдирди.

Маалыматка ылайык, Чалма айыл аймагындагы Буйга айылында 20 чакырым ички чарбалык жол, Сары-Булак айыл аймагындагы Кызыл-Булак айылында 3 чакырым, Терек-Саз айылында 5 чакырым, Конокбай-Талаа айылында 12 чакырым ички чарбалык жолдор жабылган.

Ушул жылдын 29-ноябрында КР ӨКМнин өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү түштүк борборунан 1 бульдозер тартылып, ошондон бери тазалоо иштерин жүргүзгөн.

Кечээ, 4-декабрда саат 19:00дө ички чарбалык жолдор бир багытка ачылып, кеңейтүү иштери улантылууда.

Ушул жылдын 26-ноябрында Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акиминин-Жарандык коргонуунун башчысынын №53-буйругу менен 2014-жылдын 26-ноябрынан баштап саат 18:00дөн 08:00гө чейин Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолу атайын буйрук чыкканга чейин чектөө киргизилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×