Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Чүй облусу 05.12.2014 09:24

Республиканын аймагында өткөн сутка ичинде 7 өрт кырсыгы катталды

Turmush -  Республиканын аймагында өткөн сутка ичинде 7 өрт кырсыгы катталды, деп билдирет ӨКМ басма сөз кызматы.

Жарандык коргонуунун Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча ушул жылдын 4-декабры саат 08:30дан 5-декабры саат 08:30га чейин республиканын аймагында 7 өрт кырсыктары катталып, аларды өчүрүүгө 7 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган.

Алсак, Ново-Павловка айылында Учительская көчөсү-33 дарегинде жайгашкан ээси В. Профимовичке тийиштүү 40 чарчы метр жыгач устундуу шифер жабылган кичи үйдүн чатыры күйгөн.

Өрттүн келип чыгышына мештердин туура эмес түзүлүшү себеп болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×