Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Нарын облусуЖумгал району 04.12.2014 17:51

«Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы 2010-2014-жылдары 100 млн сомдон ашык карызга баткан

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районунун Кара-Кече аймагында ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан «Кыргызкөмүр» МИси акыркы 4 жылдан 100 млн сомдон ашык карызга баткан. Мындай маалымат Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынан алында, деп кабарлайт аймактык кабарчы.

Андагы маалыматка карасак, ишкананын карыздары ижарага алынган техникалардын акылары төлөнгөн эмес. Социалдык фондго жана салык тармагына убагында төлөмдөр которулган эмес. Жумушчулардын эмгек маяналары жана өндүрүлүп чыгарылган көмүрдүн 20%га жакын көлөмү уурдалып келип турган.

2014-жылдын февраль айында 
«Кыргызкөмүр» МИсине жаңы жетекчилик дайындалып, биринчилерден болуп Кара-Кечеде иштеген кадрларды алмаштыруу болгон.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×