Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 03.12.2014 12:29

Айыл турмушу: Кара-Көл шаарында үй-бүлөлүк түгөйлөр 8 жылдан бери эмерек жасашат (фото)

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында Зияда жана Алмаз Орозбаевдер 8 жылдан бери эмеректерди даярдап келишет, деп билдирет Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы.

Зияда Орозбаева билдиргендей, ал өзү билими боюнча инженер-электрик, ал эми жолдошу куруучу.

Соода борборунун эски имаратында, алар бөлмөнү ижарага алышып, ал жакта корпустук эмеректерди жасашат.

Түгөйлөр уктоочу бөлмөгө арналган гарнитурларды, жумшак эмеректерди, балдардын жана ашкана эмеректерин даярдашат. Алардын баасы 25 миң сомдон жогору бааланат. Эмеректин баасы жасалган материалдын сапатына жараша болот.

«Мен университетти аяктагандан кийин өз кесибим менен иштеген жокмун, Бишкектен терезе пардаларды алып келип, дизайн менен алектенчүмүн. Иштин жүрүшүндө мен кардарлар үчүн алардын заказдарып алып келгенде алар шкаф же койгуч болсо жакшы болмок деп айтып калышчу. Жолдошум экөөбүз ойлонуп көрүп, Бишкектен заказ боюнча эмеректерди алып келе баштадык. Кийинчерээк өзүбүз эмерек даярдоону чечтик. Биздин иш жакшы боло баштады. Биздин кардарлардын көпчүлүгү Кара-Көл шаарынын жашоочулары, уюмдар, мектеп, бала бакчалар болуп эсептелинет. Жакында эле биз балдар өспүрүмдөр спорт мектебине эмерек даярдадык», - деп билдирди ал.

IMG-20141203-WA0007


IMG-20141203-WA0001

IMG-20141203-WA0001


IMG-20141203-WA0002


IMG-20141203-WA0003


IMG-20141203-WA0004


IMG-20141203-WA0005


IMG-20141203-WA0006


IMG-20141203-WA0008


IMG-20141203-WA0009


IMG-20141203-WA0010


IMG-20141203-WA0011


IMG-20141203-WA0012

IMG-20141203-WA0013


IMG-20141203-WA0014


IMG-20141203-WA0015


IMG-20141203-WA0016


IMG-20141203-WA0017

IMG-20141203-WA0017


IMG-20141203-WA0018


IMG-20141203-WA0019

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×