Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-июнь
Ысык-Көл облусу, Каракол 03.12.2014 11:49

Караколдо өткөн дем алыш күндөрү жолбун иттерди атуу иштери жүргүзүлдү

Turmush -  Каракол шаарынын «Тазалык» ишканасы өткөн дем алыш күндөрү жолбун иттерди атуу иштерин жүргүздү.Ишкананын жетекчиси Алмаз Абдыкеев билдиргендей, атуу иштерине 2 мергенчи, 1 мастер-бригадир катышты.

Жалпы шаар боюнча 54 жолбун иттер жок кылынып, алардын алтоо «Кашка-Суу» кичи районунда атылган.

Жыл башынан бери жалпы шаар боюнча 695 иттер атылган.

«Биз жолбун иттерди атуу иштерин жашоочулардын арызынын негизинде жүргүзөбүз, бизге арыз түшөрү менен биздин бригада дароо ишке киришет», - деп кошумчалады А.Абдыкеев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×