Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Баткен облусу, Кызыл-Кыя 03.12.2014 11:38

Айыл турмушу: Кызыл-Кыя шаардык урология бөлүмүнүн башчысы К.Миталипов бейтаптардын сүйүктүү дарыгери, ишенген адамына айланган

Turmush -  Баткен областындагы Кызыл-Кыя шаардык борборлоштурулган ооруканада жайгашкан толук кандуу урология бөлүмүнүн башчысы врач-уролог Куванычбек Миталипов мыкты врач гана болбостон, уюштургуч жетекчи, оорулуулардын сүйүктүү дарыгери, ишенген адамына айланган биз бөлүмдөрдү кыдырып жүрүп, андагы оорулуулардан билдик, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

Куванычбек Миталиповдун жаш экендине карабастан анын эл алкышына, арзуусуна кандайча жетишип жаткандыгына кызыгып, эмгек жолун, баскан изин, алган тажрыйбасына саресеп салдык.

Көрсө, ал 1998-жылы Бишкек шаарындагы Медициналык академиянын дарылоо бөлүмүн аяктап келгенден кийин эле Ош шаарындагы областтык ооруканадагы интернатурадан практикадан өтүп, андан соң Кызыл-Кыя шаарындагы жандандыруу бөлүмүнө келип, врач анестезиолог болуп эмгек жолун баштаган тура. Андан соң травматология бөлүмүндө врач-трамотолог болгон.

IMG-20141202-WA0101

Талыкпаган эмгектин аркасында, 1990-2000-жылдары кургак учук ооруканасындагы сөөк-муун бөлүмүнүн бөлүм башчысы, 2000-жылдан аскердик бөлүктү медициналык кызматтын начальниги, 2004-жылы учурда өзү эмгектенип жаткан бөлүмгө бөлүм башчы болуп келип, ошондон бери ушул жерде эмгектененип жаткан чагы.

Куванычбектин элге кылган коомдук иштеринин көзгө көрүнөрлүк эмгегинин бири, Кызыл-Кыя шаарындагы «Төрөт үйү» коомдук фондунун төрагасы болгондугунда. Бул «Төрөт үйүнүн» кайрадан калыбына келтирилип, анын учурдагы абалынын түптөлүшүнө анын бирден-бир салымы бар экендиги жалпы журтка маалым.

Мындан сырткары жаш кесипкөйлүргө жакындан жардам берүү максатында, шаардагы Медициналык коллежде хирургия сабагынан сабак да берип келет. Ошону менен катар өзүнүн да билимин жогорлатууну унутпай, ар дайым изденүү жолунда. 2010-жылы Тверь шаарында «Эндоскопиянын хирургиядагы ролу» деген семинарга катышып, ал жерден сертификат алууга жетишкен.

Жааматтагы жарык маанай

IMG-20141202-WA0102

Урология бөлүмүндө эмгектенишкен врачтар Касымбек Орозалиев, Хокимжон Исманалиев, Данияр Жаныбеков, мед айымдар Нуржан Ашимова, Рамзия Хайруллина, Асия Карабаева, практикадагы Д.Гайбулаев, Р.Караибрагимов, З.Сатаровдун жигердүү эмгектеринин аркасында оорулууларга жакындан жардам берип, алардын сүймөнчүлүгүнө ээ болушуп жаткандыгы, жамааттагы жаркын маанай экендигин тануу мүмкүн эмес.

Бирок ошого карабай мында эмгектенгендер күн-түнү бирдей эмгек ритмин колдон чыгарбай, тикесинен тик туруп, ак халаттарындай ар намыс менен иштеп жатышканына ыраазы болосуң.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×