Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 03.12.2014 11:27

Жалал-Абад мамлекеттик университетинде окумуштуу Б.Орузбаеванын 90 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференция өтөт

Turmush -  Жалал-Абад мамлекеттик университетинде КРдин УИА сынын академиги, көрүнүктүү тилчи-окумуштуу Бүбүйна Орузбаеванын 90 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференция бүгүн, 3-декабрда саат 14:00до башталат, деп билдирет Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы.

Илимий-практикалык конференция КР Улуттук Илимдер Академиясынын академиги, республиканын илимине эмгек сиңирген ишмер, илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыктын ээси, лингивистика боюнча К. Тыныстанов атындагы мамлекеттик сыйлыктын эки жолку лауреаты, Түрк республикасынын «Түрк тил куруму» коомунун мүчө-кабарчысы, көрүнүктүү тилчи -окумуштуу Бүбүйна Орузбаеванын 90 жылдыгына арналат.

Конференцияны Жалал-Абад мамлекеттик университетинин окумуштуулар тобу уюштурууда.

Ага ЖАМУнун жана ОШМУнун окумуштуулары, ЖАМУнун окутуучулары менен студенттери, журналисттер, илимий чөйрөнүн кызматкерлери катышат. Конференцияда илимий баяндамалар жасалат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×