Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-июнь
Ош облусуАлай району 03.12.2014 10:56

Алайда «Балдарга күлкү тартуулайбыз» кечеси өттү (фото)

Turmush -  Ош облусунун Алай районундагы Мамат Жакыпов атындагы Алай райондук борборлоштурулган китепканалар тармагынын балдар жана библиография бөлүмдөрү Алай райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте «Балдарга күлкү тартуулайбыз» аттуу сый кече уюштурушту. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул кече 3-декабрь мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын күнүнө карата өткөрүлдү.

Кечени аталган китепкананын усулчусу Жумагүл Молошева ачты. Андан кийин балдар бөлүмүнүн башчысы Жаркын Токторбаева, улуу китепканачы Примкулова, Турганбаевалар балдарга суроо жооп түрүндөгү табышмактарды, ырларды, көркөм окууларды айтышып алардын көңүлүн ачышты.

Жыйынтыгында чакырылган кичинекей конокторго аталган китепкананын кызматкерлери жана демөөрчү Сүйүнбай Бөрүбаев тарабынан кийизден жана чийден жасалган куурчактарды, социалдык өнүгүү башкармалыгынын социалдык кызматкери Азамат Каленовдун, китепкананын сүрөтчүсү Курсан Эргешовдор тарабынан даярдалган белектер тапшырылды.

19

 

20

 

21

22

23

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×