Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-июнь
Ош облусуАлай району 03.12.2014 10:48

Алай районундагы Гүлчө айыл өкмөтү мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга белектерди берди (фото)

Turmush -  Алай районундагы Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Болотбек Таиров айыл өкмөттө каттоодо турган мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар менен жолугушту, деп билдирет Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы.

Жолугушууга Алай райондук мамлекеттик администрациянын башкы адиси Мамыт Бекташов жана райондогу бир катар мекеме-ишкана жетекчилери катышышты.

Жыйынтыгында жолугушууга келгендер айыл өкмөтү тарабынан уюштурулган белектерге татыктуу болушту.

Ошондой эле, Алай райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун директору Адил Алимкулов беш адамдын ар бирине 1000 сомдук дары-дармек салынган аптечкаларды, райондук билим берүү бөлүмүнүн профсоюз комитетинин төрагасы Акылбек Абдыкадыров 9 адамга 500 сомдон акчалай сыйлыктарды тапшырышты.

15

16

17

18

 

 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×