Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-июнь
Нарын облусу 03.12.2014 10:02

Нарын облусунда баңги заттарды колдонгон 29 адам расмий каттоодо турат

Turmush -  Азыркы тапта Нарын облусу боюнча расмий түрдө 29 адам баңги заттарды колдонот деп эсепте турат. Бирок, бул сан көп болушу мүмкүн, деп билдирди облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун директору Анара Бердикожоева Нарын шаарында болуп өткөн атайын жыйын учурунда.

Ал облуста бир дагы адис врач-нарколог жок экендигин, жыйынтыгында баңги заттарды туруктуу колдонгон адамдарды аныктоо кыйынчылыгын келтирди.

«Биз анонимдүү сурамжылоо жүргүзгөндө эле жогорудагы 29 адамдан башка дагы 50 кишинин ар андай баңги заттарды колдонуп көргөндүктөрү белгилүү болду», - деди А.Бердикожоева.

«Бизде Жумгал районунда жапайы кара куурай өскөндүктөн улам жалпылап Жумгалда иш кылышыбыз керек. Ушундай көчмө жыйындар ошол райондо ыраттуу өткөрүлүп турушу керек деп эсептеймин», - деген сунушун келтирди өкүлдүн аппарат жетекчиси Жаныбек Дүйшеев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×