Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Чүй облусу 03.12.2014 09:33

Кыргызстанда аба ырайы кескин өзгөрүп, мезгил-мезгили менен кар жаайт, - ӨКМ

Turmush -  Ушул жылдын 3-5-декабрында Кыргызстанда мезгил-мезгили менен кар жаап, айрым жерлерде катуу жаайт. Зымдарга жана бактарга суу кар жармашат. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы 3-декабрда билдирди.

Маалыматка ылайык, 4-6-декабрда абанын температарасы төмөндөп: Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн 7…12° суук, күндүз 1…6° суук, түштүк райондордо түнкүсүн 0…5° суук, күндүз 0…5° жылуу, тоо этектеринде түнкүсүн 8…13° суук, күндүз 2…7° суук, тоолуу райондордо түнкүсүн 17…22° суук, күндүз 8…13° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 22…27° суук, күндүз 10…15° суук болушу күтүлөт.
Мындай аба-ырайы кыштоо жайыттарда малды кармоо, автоунаа, байланыш түйүндөрүнүн, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×