Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-июнь
Нарын облусу, Нарын 02.12.2014 18:30

Нарында кар көчкүсү жана кар күрткүсү күтүлүүчү 10 кооптуу жай бар

Turmush -  Алдыдагы 2014-2015-жылдарда күтүлүүчү кар көчкү, таш кулоо жана кар күрткүлөрүнө карата алдын алуу иш-чараларын көрүү үчүн мерчемдүү жерлерге атайын жылытуу жайларды уюштурууда көйгөйлөр бар. Бул тууралуу облустук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Дөөлөтбек Ыбыраев билдирди.

«Облус аймагында кар көчкүсү жана кар күрткүсү күтүлүүчү 10 кооптуу жай бар. Алар Бишкек-Нарын-Торугарт, Арал-Миң-Куш, Нарын-Ак-Тал-Чат-Казарман унаа жолдорунда орун алган. Бирок айрым тиешелүү жерлерде адамдар үчүн жылытуу жана тамактануучу жайларды уюштурууда көмүр менен камсыздоо кыйынчылыгы болууда», - деп айтылат маалыматта.

атайын өткөрүлгөн жарандык коргонуу боюнча коопсуздук кеңешинин жыйынында азык-түлүк камдоонун дагы оорчулугу бар экендигин кошумчалады Д.Ыбыраев.

«Эми формалдуу эле иш кылганды токтотолу. Мисалы Долондо жылытуучу деген бир вагон бар экен. Кирсең терезеси жок аңгырайт. Анын ичине адам эмес чындап келсе, кутурган итти киргизип койсо да токтобойт. Эгер көчкү жүрчү жерге жакын айылда ушундай жай болсо, ал так жана анык болушу керек. Менимче мисалы Долондун өзүндө бир атайын ушундай жай болушу зарыл», - деген пикирин келтирди өкмөт өкүлү Аманбай Кайыпов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×