Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Баткен облусу, Кызыл-Кыя 02.12.2014 18:31

Кызыл-Кыя шаарынын спортчулары эркин күрөш боюнча байгелүү орундарга ээ болушту

Turmush -  Тажикстандын Исфара шаарында ушул жылдын 28-ноябрынан 30-ноябрга чейин эркин күрөш боюнча облустук турнир болуп өттү. Бул тууралуу Кызыл-Кыя шаарынын дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн башчысы Азизбек Таштемиров билдирди.

Турнирге эки өлкөнүн 20 командасынан турган 300гө жакын спортчулар катышты. Кызыл-Кыя шаарынан турнирге 8 спортчу катышты.

Абдугапар уулу Нурсултан 50 кг салмак боюнча мелдеште 3-орунга ээ болду. Женишбек уулу Доолат 90 кг салмак боюнча 3-орунга ээ болду.

Спортчуларды диплом жана медалдар менен сыйлашып, баалуу белектерди беришти.

Спортчулардын машыктыруучулары Алмаз Эрматов спортчуларды мыкты даярдагандыгы үчүн ардак грамотасына ээ болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×