Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-июнь
Нарын облусу, Нарын 02.12.2014 18:24

Нарында Бүткүл дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү күнүнө карата жөө жүрүш өттү

Turmush -  Нарын шаарында кечээ, 1-декабрда жүздөгөн адамдын катышуусунда жөө жүрүш шаардын чыгыш жана батыш тарабынан жасалып, алар борбордук аянтка келип чогулушту.

«Бул акция 1-декабрь Бүткүл дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү күнүнө карата өткөрүлүп жатат. Жүрүшкө саламаттыкты сактоо кызматкерлери, медициналык колледждин студенттери, мектеп окуучулары катышты. Биз бул күнгө карата «Ден соолук кербени» акциясын өткөрдүк. Натыйжада ар бир райондорго чейин барып, ВИЧ/СПИДдин алдын алуу, калктын маалымдуулугун жогорулатуу, сактануу жолдору боюнча түшүндүрүү иштер жасалды», - деп билдирди облустук СПИДке каршы күрөшүү борборунун жетекчиси Айнагүл Бектурсунова.

Жөө жүрүштүн катышуучулары облустук «Жаштар Ордо» борборуна киришип, ал жерден атайын тасмага күбө болушту. Ошондой эле, медициналык кызматкерлер жана окуучулар арасында өткөрүлгөн дубал гезит чыгаруу, дил баян жазуу, сүрөт тартуу, агартуу баракча жасоо боюнча сынактардын жыйынтыгы чыгарылды.

«Сынактын жеңүүчүлөрүн баалуу сыйлыктар менен сыйлоону облустук СПИД борбору, облустук үй-бүлөлүк медицина борбору, шаардык билим берүү бөлүмү жана шаардык мерия каржылады», - деди А.Бектурсунова.

Нарын облусу боюнча ВИЧ/СПИД дартын алып жүргөндөр 2013-жылдагы 59 учурдан бир жылда 73 учурга көбөйгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×