Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-июнь
Нарын облусу, Нарын 02.12.2014 18:20

Күч органдары тарабынан кыйноо фактысы катталганын аныктоо үчүн мыйзамга өзгөртүү киргизүү керек, Акыйкатчынын Нарындагы өкүлү

Turmush -  Күч органдары тарабынан кыйноо фактысы катталганын аныктоо үчүн КРнын мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү керек, деп билдирди бүгүн, 2-декабрда КРнын Акыйкатчысынын Нарын облусундагы өкүлү Тойгонбай Жаанбаев.

Анын пикири боюнча, КРнын мыйзамдары кыйноо фактысына жол берет. 

«Мыйзамга өзгөртүү киргизүү керек. Анда милиция тарабынан кармалып алынгандан кийинки кармалуучунун денесиндеги жаракаттарды күбөө катары кабыл алуу керек. Ал эми азыр болсо мындай эмес жана күбөө адам жок болсо кыйнаган адам сот тарабынан акталып кетет. Ошондой эле күч органдарынын укуктары да башка органдардын укугуна караганда жогору болууда»,-деген пикирин айтты Тойгонбай Жаанбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×