Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-июнь
Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата 02.12.2014 15:54

Чолпон-Атада «SOS- Балдар айылынын» материалдык–техникалык базасы 12 жылдан бери жаӊыртыла элек

Turmush -  Чолпон-Ата шаарындагы «SOS- Балдар айылынын» материалдык–техникалык базасы 12 жылдан бери жаӊыртыла элек. Бул тууралуу Ысык-Көл өнүктүрүү фондунан маалымдашты, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалыматка караганда, аларга Ысык-Көл өнүктүрүү фонду жардам берди.

Облусттук байкоочу кеӊештин чечими менен балдар мекемесине фонд тарабынан быйылкы жылда 300 миӊ сом бөлүнгөн.

Бул каражатка аталган мекеме муздаткыч жана окуу жабдууларын, эмеректерди сатып алышып, заманбап үлгүдөгү жылуулук түйүнүн орнотуп алууга мүмкүндүк алышат.

Андан тышкары, имараттын тамын оӊдоп, эшик терезелерин жаӊыртып алууну көздөшүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×