Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Ысык-Көл облусуТоң району 02.12.2014 15:51

Министр А.Максутов Тоңдогу бир нече объекттердин абалы менен таанышты

Turmush -  Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максутов Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында 29-ноябрда жер титирөөдөн жабыр тарткан объекттерге барып кайтты. Бул тууралу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, министр Кажи–Сай айылындагы айылдык маданият үйү, айылдык балдар китепканасы жана балдар музыкалык мектебинде болду.

Тоң районунда А.Максутов айылдык маданият үйүн, балдар китепканасын жана райондук борборлоштурулган китепкана түйүнүнө барды.

Аталган мекемелердин кызматкерлери билдиргендей, атайын комиссия келтирилген чыгымды баалап, аны оңдоого талап кылынган каражаттын суммасын эсептеп чыгышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×