Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-июнь
Ысык-Көл облусу, Каракол 02.12.2014 15:13

Караколдун Кашка-Суу кичи районунун жашоочулары жолбун иттердин көбөйгөндүгүнө нааразы болушууда

Turmush -  Каракол шаарынын Кашка-Суу кичирайонунун жашоочулары аталган райондо көп сандаган жолбун иттердин пайда болушуна нааразы болушууда.

Жашоочулардын бири Бахадырдын айтуусунда, акыркы убакта коммуналдык кызматтар бул райондо жолбун иттерди атуу иштерин аткарышпай калды.

«Көп сандаган жолбун иттер пайда болду, алар кайдан келип жаткандыгы белгисиз. Бул жакта балдар көп, биз иттер балдарга кол салабы деп тынчсызданып жатабыз. Ошондой эле алар таштандыларды район боюнча ташып жатышат, андан кийин бул таштандыларды эч ким жыйнагысы келбейт. Мындан улам биздин район таштанды жайга окшошуп калды. Эмне үйүн жергиликтүү бийлик жолбун иттерди өз убагында атуу иштерин аткарышпайт?», - дейт ал.

Ошондой эле, жергиликтүү тургундар таштандыларды өз убагында чыгарбагандыгы үчүн таштанды салуучу идиштер толуп калып, жерде таштандылар толуп жаткандыгын кошумчалашты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×