Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-июнь
Нарын облусу, Нарын 02.12.2014 15:15

Нарын шаарында жаштар арасында бизнеске кызыккан жарандарга окуу өтүп, идеясы барларга 100 миң сом акы берилет, - коомдук активист

Turmush -  Нарын шаарындагы «Нарын жаштар Ордосу» жана Нарындын «Жаш лидерлери» коомдук бирикмеси бизнес чөйрөсүнө кызыккан жаштарга колдоо көрсөтүү үчүн атайын окууларды уюштуруп баштады. Бул туурасында Нарындын «Жаш лидерлери» коомдук бирикмесинин төрагасы Улан Мадиев билдирди, деп кабарлайт.

Анын айтуусунда, жаңы бизнес тармагын ишке ашыруу үчүн идеясы бар жаштарга каражат жагынан жардам көрсөтүлөт. Азыркы учурда катышуучуларды кабыл алуу жүрүп жатат. Катышуучулардын тизмеси такталгандан тарта 13-декабрдан баштап 5 күндүк окуу болот, андан соң мыкты бизнес идеясы бар катышуучуларга 100 миң сомдук жардам көрсөтүлөт.

Ошол эле учурда алардын бизнесинин андан ары өнүгүп кетүүсүнө көмөктөшүүлөр каралган.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×