Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-июнь
Ош облусу, Ош 02.12.2014 14:07

Ошко Николай Чудотворецтин денесин алып келишет

Turmush -  Ош шаарында 3-декабрда ыйык Николай Чудотворецтин көрдө жатып катып калган денесин алып келишет. Бул тууралуу Ош шаарынын православдык епархиясынан билдиришти.

Маалым болгондой, 3-4-декабрда ар бир ишенүүчү адам Ош шаарындагы Михаил архистратига чиркөөсүндөгү сыйынууга катыша алат жана аны ыйык деп эсептеген Николай Чудотворворецтин денесине кол тийгизи алышат.

Анын маршруттук кыймылы КРдин баардык аймактарында жүргүзүлөт, Бишкек – Кара-Көл – Майлуу-Суу – Жалал-Абад – Көк-Жаңгак – Куршаб – Ош – Кызыл-Кыя – Айдаркен – Сүлүктү болмокчу.

Эскерте кетсек, православдык календарга ылайык, 6-декабрда христиандар Николая Чудотворцти эскерүү күнүн белгилешет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×