Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-июнь
Нарын облусуАк-Талаа району 02.12.2014 14:00

Ак-Талаа районунда мал санак иштерин так жүргүзүү туурасында семинар өткөрүлдү (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунда мал санак иштерин так жүргүзүү туурасында семинар өтүлдү. Бул туурасында Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Анда, облусттан келген мал санак боюнча атайын келген өкүлдөр тарабынан мал санак туурасында кеңири түшүндүрүүлөр айтылып, малдын саны так болсо, аларга вакцинацияларды жетиштүү алууга болоорун, кандайдыр бир деңгээлде элдин социалдык-экономикалык ахыбалын билүүгө шарт экендигин жана ошол эле учурда мал санак эч кандай кошумча-алымчасы жок так болушу керектиги айтылды. Муну бир катар семинардын катышуучулары тарабынан көйгөйлөр да белгиленди.

Семинарга айыл өкмөт башчылары, жоопту катчылар, жайыт кызматкерлери жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышышты.

ак-талаа ак (1)ак-талаа ак (2)ак-талаа ак (3)ак-талаа ак (4)
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×