Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-июнь
Ош облусуАраван району 02.12.2014 12:49

Ош облусунда диний экстремизмдин идеяларын жайылтууга каршы күрөшүү боюнча иш-чара өткөрүлдү

Turmush -  КР УКМК тарабынан ушул жылдын 19-ноябрында диний-эксстремисттик жана террористтик уюмдардын ишмердүүлүгүн алдын алуу жана аныктоо иштеринин алкагында Ош облусундагы диний кырдаал маселеси боюнча Араван районунда жалпы түшүндүрүү-профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлдү.

Аталган иш-чарага айыл округдарынын укук коргоо органдарынын, облустук казыяттын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын катышуучулары тарабынан жалпы Ош облусунда жана Араван районундагы диний кырдаал тууралуу айтылды. Салттуу исламдын нормасынан мисалдар жана дилилдер келтирилип, «Хизбут-Тахрир» диний экстремисстик уюмдун идеологиясы, ошондой эле, «Ваххабизм» жана «Салафизм» аттуу салттуу эмес диний агымдар тууралуу айтылды.

Диний кызматкерлердин өзгөчө көңүл буруусу КР жарандарынын өзгөчө жаштардын Сирияга чыгып жаткандыгына басым жасалды.

Ошондой эле, диний экстремизмге каршы күрөшүү планына ылайык, УКМК органдары тарабынан диний-экстремисттик уюмдардын арасында профилактикалык иштерди жүргүзүлүүдө.

Буга далил катары аталган иш-чаранын алкагында Араван районунун эки жашоочусу 1974-жылы туулган «Э.Д» жана 1972-жылы туулган «К.М.» «Хизбут-Тахрир» уюмунун мүчөлүгүнөн чыгуу тууралуу эл алдында ачык билдирген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×