Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-июнь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 02.12.2014 12:31

Кара-Көл шаарында майыптарга кам көрүү, аларга аяр мамиле жасоо тууралуу лекциялар окулууда (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарында 3-декабрь - Эл аралык майыптар күнүнө карата социалдык өнүгүү башкармалыгы, Миграция, эмгек жана жаштар министрлигини Кара-Көл шаардык бөлүмү, шаардык жаштар кеңеши менен биргеликте мектептерде иш-чара өткөрүшүүдө.

Жаштар кеңешинин төрайымы Диляра Молдобаева билдиргендей, бул иш-чаранын максаты — мектеп окуучуларына барып майыптардын акыбалы жана алардын укуктары жөнүндө маалымат берип, майыптарды шылдындоого албай, алар да башка жарандар сыяктуу болгондугун, аларга аяр мамиле жасалышы керектигин түшүндүрүү болуп саналат.

Эгерде үй-бүлөсүндө же окуу жайларында майыптар бар болсо, алардын жашоосуна кантип кам көрүү керектиги тууралуу маалымат берилди, деп баяндады төрайым.

Пландалган иш-чарага карата 2-декабрда саат 9:30да М.Фрунзе атындагы №3 орто мектебинде, саат 10:30да Токтогул Сатылганов атындагы № 1 орто мектебинде, саат 11:30да Чолпонбай Түлөбердиев атындагы №2 орто мектебинде лецкиялар өтүлдү.

Эртең, 3-декабрда саат 9:30да Д.Шопоков атындагы № 4 орто мектебинде, саат 10:30да №6 Чкалов атындагы орто мектебинде өткөрүлөт.

IMG-20141202-WA0004

IMG-20141202-WA0007

IMG-20141202-WA0006

IMG-20141202-WA0003

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×