Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-июнь
Баткен облусу, Кызыл-Кыя 02.12.2014 11:51

Кызыл-Кыя шаарында майыптарды колдоо боюнча бир айлык өткөрүлүүдө

Turmush -  Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы тарабынан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга карата толугу менен колдоо жана жардам көрсөтүү аракеттери көрүлүүдө. Бүткүл дүйнөлүк майыптар күнүнө карата бир айлык өткөрүү чечими кабыл алынган.

Учурда Кызыл-Кыя шаарында жашаган майыптардын тизмеси такталууда, алардын жашоо шарты аныкталып, кийимдерди топтоо жана башка иштер аткарылууда.

Ошондой эле, «Мен өзүмдүн шаарым менен сыймыктанам» аталышында сүрөт сынагы уюштурулду жана үй-бүлөлүк медицина борборунун медицина кызматкерлерине майыптарды кезексиз кабыл алуу сунушталды. Мындан тышкары, жүргүнчүлөр автобазасынын жетекчилиги майыптарга бекер билеттерди берүү маселесин кароодо. Эртең, 3-декабрда бир нече иш-чараларды өткөрүү пландалууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×