Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-июнь
Ош облусу, Ош 02.12.2014 11:04

Бабур атындагы Ош мамлекеттик мкадемиялык өзбек музыкалуу драма театрынын кызматкерлерин Ош шаарынын мэриясы сыйлады (фото)

Turmush -  Ош шаарында 29-ноябрь күнү Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалуу драма театрынын 95 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Аталган иш-чарага Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замир Аскаров, депутаттардын Ош шаардык кеңешинин төрагасы Улан Примов, тиешелүү башкармалыктардын жетекчилери жана театр күйөрмандары катышышты.

Биринчи вице-мэр театрдын 95 жылдык маарекесинин урматына Ош шаарынын мэриясынын атынан куттуктоо менен бирге, професионалдуу театр тармагында үлгүлүү жана үзүрлүү эмгеги үчүн, улуттар аралык биримдигине, достугуна жана бир туугандык мамилелердин бекемделишине кошкон зор салымы үчүн аталган театрдын бир нече кызматкерлерин мэриянын Ардак грамотасы менен сыйлады.

З.Аскаров өз сөзүндө «Театр ишмердүүлүгү, күндөлүк иши менен бааланбайт. Театр- коюулган спектаклдери, эл сүйгөн атактуу актерлору, сүрөтчүлөрү, музыканттары менен тарых барактарында калат. Театр – бул искусствонун эң чокусу, ал эми музыкалуу драма театр андан да бийик татаал искусство, аны сөз менен түшүндүрүү кыйын. Ошол сөз жетпей турган учурда музыка, бий, менен коштолуп, актерлордун эргүүсү менен ойлонгон спектаклдер муундан муунга аңыз кеп болуп, элдин эсинде калат»,-деп таасын белгиледи.

«Театрдын чыгармачыл тобу мындан ары да адамдарга таза болууну, ак менен караны, дос менен душманды, көрөалбастык менен айкөлдүктү, элиңди, киндик кан тамган жериңди сактоону, ынтымактын, тынчтыктын бир туугандыктын баасын көрсөтө далай спектаклдерди элибизге тартуулай тургандыгына ишенебиз», -деп кошумчалады Аскаров.

Иш-чаранын алкагында депутаттардын Ош шаардык кеңешинин төрагасы У.Примов Бабур театрынынын өкүлдөрүн 95 жылдык мааракеси менен куттуктап, маданиятка салым кошкондугу үчүн театр өкүлдөрүнө шаардык кеңештин Ардак грамотасын тапшырды.

28

29

30

31

32

33

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×